super.kg logo

Катар Ирандын чабуулунан кийин БУУга кат жолдоду

 

Катар Бириккен улуттар уюмуна кат жолдоп, Иранды өлкө эгемендүүлүгүн бузду деп айыптады. Бул тууралуу Катардын Тышкы иштер министрлигинин X социалдык түйүндөгү баракчасында жарыяланган билдирүүдө айтылат.

"Катар мамлекети БУУнун б элеашкы катчысы Антонио Гутеррешке, Гайананын БУУдагы туруктуу өкүлү жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин төрагасына кат жөнөттү... Катар мамлекети аларга Катардын эгемендигин одоно бузуу жана аймактык тынчтыкка, бүтүндүккө коркунуч келтирген өтө кооптуу эскалация тууралуу кабарлады",- деп айтылат анда.

Билдирүүдө Катар БУУнун Коопсуздук кеңешинин БУУнун уставы боюнча өз милдеттерин аткарышы зарылдыгын баса белгилейт.

Буга чейин Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Катар өкмөт башчысы жана тышкы иштер министри Мухаммед бин Абдуррахман аль-Ансари менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө АКШ базасына жасалган чабуул Катарга каршы багытталбаганын билдирген.

Эске салсак, Иран АКШнын соккусуна жооп иретинде АКШнын Катар жана Ирактагы аскер базаларына сокку урган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: