Жолдошунун 3-кабаттан кулап кеткенин уккан аялдын жүрөгү токтоп калган

Түркияга эс алганы барган орусиялык Дмитрий аттуу жаран мейманкананын 3-кабатынан кулап кетип, оор жаракат алган. Муну уккан жубайы Олесянын жүрөгү токтоп каза болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматтарга караганда, алар Түркиянын Алания шаарында эс алып жүрүшкөн. 47 жаштагы жаран балкондон кулап, көптөгөн жаракаттарды алып, ооруканага жаткырылган. Бул учурда бөлмөдө жабырлануучунун 39 жаштагы жубайы болгон. Ал уктап жаткан, ойгонуп, эмне болгонун билгенде өзүн жаман сезип жүрөгү токтоп калган. Аны куткарып калуу мүмкүн болгон эмес.
Бейтаптын кантип үчүнчү кабаттан кулап түшкөнү азырынча белгисиз. Учурда иликтөө иштери жүргүзүп жатканы айтылды.
Ошол эле учурда Дмитрийдин өмүрү үчүн күрөш уланууда. Учурда ал комада. Ал эми жубайынын сөөгүн жакындары Орусияга алып кетишкен. Жерге 26-июнда берилет.

