Малайзияда президент Жапаровду тосуп алуу аземи болуп өттү

















Бүгүн, 25-июнда Малайзиянын Путраджая шаарында өлкө башчысы Садыр Жапаровду Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим тарабынан расмий тосуп алуу аземи өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, азем Малайзиянын премьер-министринин "Пердана Путра" кеңсесинин имаратында өттү. Жапаровду Анвар Ибрагим тосуп алды. Өз ара саламдашуудан кийин эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.
Ардак кароол ротасынын командири саламдашуу рапортун берди. Андан соң президент Садыр Жапаров Ардак кароол ротасын кыдырып чыкты.
Аземдин жүрүшүндө эки мамлекеттин делегация мүчөлөрүнүн расмий тааныштыруу болду. Андан кийин Жапаров Малайзиянын премьер-министринин кеңсесинин Ардактуу коноктор китебине жазуу калтырып, өкмөт башчынын жеке иш бөлмөсү менен таанышты.
Азем аяктагандан кийин делегация башчылары сүйлөшүү залына бет алышты.

