Интимдик сүрөттөрүңдү жарыялайм деп... Кызды коркутууга шектелген жигит кармалды (видео)
Бишкекте милиция кызматкерине пара берүүгө аракет кылган деп 22 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, Ленин райондук милициясына Д.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал WhatsApp, Telegram мессенжерлери жана Lalafo платформасы аркылуу белгисиз адам анын жашы жете элек кызын интимдик сүрөттөрүңдү жарыялайм деп коркутуп, шантаж кылып жатканын айткан.
Бул факт каттоого алынып, текшерүү иштери башталган. Шектүү жигит Чүй облусунун Военно-Антоновка айылынан кармалган. Ал тергөө учурунда кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу үчүн милиция кызматкерлерине 100 миң сом өлчөмүндө пара сунуштаган.
Бул факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 345-беренеси (Кызмат адамына пара берүү) менен кылмыш иши козголуп, 22 жаштагы жигит убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
25.06.25.
