super.kg logo

Соң-Көлдө мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд жүрүүдө

 

Соң-Көлдө мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд жүрүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, рейд президенттин "Ысык-Көл жана Соң-Көлдө балык уулоого мораторий киргизүү жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруунун алкагында уюштурулууда. "Кыргыз балык чарбасы" мамлекеттик ишканасынын Соң-Көл филиалынын кызматкерлери Нарын облусунун жана Бишкек шаарынын экотехинспекция өкүлдөрү менен биргеликте Соң-Көлдө уруксатсыз аңчылык, балык уулоо жана жаратылышты бузууга каршы иштерди жүргүзүүдө.

Жыйынтыгында көлдөн жалпы узундугу 3700 метрди түзгөн синтетикалык балык уулоочу тор алынган жана тиешелүү тартипте жок кылынган.

Браконьерчиликке каршы рейддер туруктуу негизде улантылууда. Анын негизги максаты - көлдүн биоресурстарын сактоо жана экологиялык мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылуу.






Соң-Көл

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: