Жапаров Малайзия лидери Анвар Ибрагим менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү



Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 25-июнда, Малайзияга болгон расмий сапарынын алкагында Путраджая шаарында Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу президенттик администрация билдирди.
Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим өткөн жылы Кыргызстанга болгон расмий сапары учурунда көрсөтүлгөн жылуу жана меймандос кабыл алуу үчүн терең ыраазычылык билдирип, өлкөбүздүн бай жаратылышын жана меймандостугун белгиледи. Премьер-министр өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелер кыйла бекемделгенин өзгөчө белгилеп, өзүнүн өкмөт мүчөлөрүнө Кыргызстанга келип, мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, өлкөнүн кооз жерлерин көрүп келүүнү сунуштады.
Өз кезегинде Садыр Жапаров премьер-министрдин кыргыз-малайзия достугу тууралуу берген баасына толук кошуларын баса белгиледи. Ал Малайзиянын премьер-министринин Кыргызстанга сапары кыргыз-малайзия кызматташуусунун тарыхый окуясы катары эки жактуу байланыштарыбыздын бекемделишине чоң өбөлгө түзгөнүн ырастады.
Садыр Жапаров сүйлөшүүлөр Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерин жаңы деңгээлге чыгарат деген ишенимин билдирди. Бул контекстте ал былтыртан бери кыргыз-малайзия ар тараптуу байланыштары жигердүү өнүгүп, жаңы багыттар боюнча кызматташууга мүмкүнчүлүктөр жаралганын баса көрсөттү.
Өлкө башчы Кыргызстан Малайзия менен бир катар келечектүү тармактарда, мисалы, продукциялардын өз ара импорт-экспортун кеңейтүүдө, анын ичинде эт, бал, жаңгак сыяктуу Кыргызстандын экологиялык таза продукцияларын Малайзияга экспорттоодо кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи.
Ошондой эле ал Малайзиянын энергетикадагы алдыңкы технологияларын Кыргызстанга алып барууга кызыкдар экенин айтты.
Премьер-министр Анвар Ибрагим кыргыз-малайзиялык өз ара аракеттенүүнү билим берүү, медицина, маалыматтык технологиялар, жашыл экономика, халал-индустриясы жана башка ар кандай багыттар боюнча мындан ары да өнүктүрүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи. Ал Малайзиянын ар кандай демилгелерди изилдөө жана аларды иш жүзүнө ашырууга көмөктөшүү мүмкүнчүлүктөрүн кароого даяр экенин баса белгиледи. Ошондой эле эки өлкөнүн компетенттүү министрликтерине жеринде өз ара пайдалуу кызматташтыкты активдештирүүнүн конкреттүү механизмдерин жана жолдорун иштеп чыгууну сунуштады.
Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимди Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырды.


