super.kg logo

Оштун мэри дагы бир үч эмдин ата-энесин батирлүү кылды (видео)

 
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев дагы бир үч эмдин ата-энесине батир белек кылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда мэриянын маалымат кызматы билдирди.
"Балдардын атасы Мырзабек Тороев Ош шаарындагы Ак-Буура милиция бөлүмчөсүндө эмгектенет. Мэрдин буга чейин дагы үч эмге батир бергендигин угуп, кайрылышкан. Анын негизинде тилеги орундалып бүгүн 3 бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды. Учурда бир кыз, үч уулу бар. Аларга Амантай, Эсентай, Эртай аттуу ысым ыйгарышкан. Учурда балдар 1 жаш 2 айлык",- деп айтылат маалыматта.
Мэр балдардын атасына батирдин сертификатын тапшырып, апасына гүл белек кылды.
Буга чейин Ак-Тилекте жашаган үч эмдин үй-бүлөсүнө жолдон жолугуп кубанткан.





Оштун мэри дагы бир үч эмдин ата-энесин батирлүү кылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: