super.kg logo

Адылбек Касымалиев Кытайда белгилүү компаниялардын жетекчилери менен жолугушту

 

Бүгүн, 25-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумдун жылдык жыйынына ("Жайкы Давос - 2025") катышуусунун алкагында бир катар кытай компанияларынын жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрдү.

Атап айтканда, Касымалиев энергетикалык жабдууларды өндүрүү жаатында дүйнөлүк лидерлердин бири болгон "Dongfang Electric corporation" мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Тараптар энергетика тармагында кызматташууну өнүктүрүү жана масштабдуу долбоорлорду ишке ашыруу келечегин талкуулашты.

Андан ары "China Energy International GroupCo. Ltd" компаниясынын вице-төрагасы Сюе Данфэн менен жолугушуу болду. Компания өлкөбүздүн энергетика секторунда, атап айтканда, ГЭСтерди курууда, ошондой эле кайра жаралуучу энергия булактары жаатында долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар.

"Reclaim Group" жана "Hengyu Group" компанияларынын өкүлдөрү менен да жолугушуп, курулуш жана инфраструктуралык өнүктүрүү, гидроэнергетика жана суу чарба инфраструктурасы жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги талкууланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: