super.kg logo
  Саясат  

"Бири гана кыргызча тапшырган". Депутат ЖРТнын жыйынтыгы үчүн жооптууларды кызматтан алууну сунуштады (видео)

 

Бүгүн, 25-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Абакиров ЖРТнын жыйынтыгы менен "Алтын сертификат" алган 54 окуучунун бири гана тестти кыргыз тилинде тапшырганын билдирди.

Эл өкүлү муну ЖРТнын кыргыз тилиндеги суроолору оор болуп жатканы менен байланыштырды.

"Бир тапшырма кыргыз тилиндегиде 230 сөздөн турса, орус тилиндегиде болгону 170 сөздөн турат. Башкача айтканда, жарышта эки спортчунун бирин 230 метрге, бирин 170 метрге чуркатып жатабыз. Бирок медалдарды бирдей берип жатабыз. Албетте, 170 метр чуркаганы утуп кетет",- деди депутат.

Абакиров буга чейин кыргыз тилдүү бүтүрүүчүлөргө ЖРТнын "Алтын сертификатын" өзүнчө берүүнү сунуштаганын эске салып, ошол учурда Билим берүү министрлиги көңүл бурбай койгонун айтты.

"Менде жүздөгөн каттар турат. "Кыргызча окугум келбей калды, кыргызча тест тапшыргым келбей калды, муну Google аркылуу которгон" деген каттар. Ушул тесттин жыйынтыгы менен буга жооптуу адамдар кызматынан алынсын. Анткени алар кыргыз тилинин өнүгүшүнө каршы",- деп кошумчалады.






Жогорку Кеңеш 25.06.25.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: