super.kg logo
  Саясат  

Парламент төрагасы: "Кыргыз тилин жээрий берсек, жакында биз улут болбой калабыз" (видео)

 

Бүгүн, 25-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Абакиров ЖРТнын жыйынтыгы менен "Алтын сертификат" алган 54 окуучунун бири гана тестти кыргыз тилинде тапшырганын билдирип, министрлик буга көңүл бурбай жатканын айтты.

Буга улай парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Агартуу министрлигине аталган жагдайды эске алышы керектигин эскертип, мектептердин жана бала бакчалардын көпчүлүгүндө мамлекеттик тилде таалим-тарбия берилбей жатканын сынга алды.

Тургунбек уулу ошондой эле ата-энелерди, анын ичинен депутаттарды да өз балдарына кыргызча үйрөтүп, кыргызча сүйлөтүүгө да чакырды.

"Ушул жерде отургандардын көпчүлүгүнүн балдары, неберелери орусча сүйлөшөт. Кыргызча сүйлөтпөйлүбү? Уялбайлыбы? Иманалы Айдарбеков, Касым Тыныстанов, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков сындуу аталарыбыз азыркыдай кыргыз тилин жээрип, орусча сүйлөп жатканыбызды көрүшсө бизге наалат айтышмак.

Ошол аталарыбыздын эмгектери күйүп кетип жатат. Эгер биз ушинтип кыргыз тилинде эмес, башка тилде сүйлөй бере турган болоск, анда жакынкы жылдары эле биз улут болбой калабыз",- деди спикер.






Жогорку Кеңеш 25.06.25.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: