super.kg logo

Иран: Өзөктүк объекттерге чабуул келечекке чоң таасир этет 

 

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Ирандагы өзөктүк объекттерге болгон чабуулдар өлкөнүн келечектеги багытына чоң таасир тийгизерин билдирди. Бул тууралуу ал Лондондо жайгашкан El Arabiya El Cedid гезитине берген маегинде айтып, Израил менен ок атышпоону токтотуу келишими тууралуу суроолорго жооп берди.

"Өзөктүк объекттерге болгон чабуулдар Ирандын келечектеги пландарына олуттуу таасир берет",- деди ал.

Ошондой эле АКШнын согушка кошулганын Израилдин алсыздыгынын белгиси катары баалады.

"Алар АКШ кийлигишсе Иран артка чегинет деп ойлошкон. Бирок биз "Хайбар" деп аталган күчтүү ракеталар менен жооп бергенибизден кийин алар артка чегинип, ортомчулар аркылуу ок атышууну токтотууну сунушташты",- деп кошумчалады министр.

Министрдин айтымында, Иран көп жылдар бою дүйнөгө өзөктүк куралды жайылтууга каршы келишимди сактап жатканын көрсөтүүгө аракет кылып келген. Бирок ал келишим өлкөнү да, өзөктүк программасын да коргой алган эмес.

Аракчи Улуу Британия, Германия жана Франция менен жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдү "мыйзамдуу сүйлөшүү" деп эсептебей турганын айтты.

"Бул жөн гана пикир алмашуу. Анткени максат - келишим түзүү эмес. Биздин негизги талабыбыз - санкциялар жоюлушу керек. Бирок бул маселени чечүүдө Европанын мүмкүнчүлүгү жок",- деди министр.

Эске салсак, Иран-Израил ортосундагы кагылышуу 13-июнда Израил Ирандын бир нече шаарларындагы өзөктүк объекттерге жана аскер жетекчилерине ири чабуул жасаганы менен башталган.

Иран Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, 606 карапайым адам каза болду, 5332 киши жаракат алды.

Израил да жоготууларга учурады. 28 киши каза болду, 1472 киши жаракат алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: