Ташиев: "Шыйрагынан сүйрөп барып эле камай бере тургандар бар" (видео)
Бүгүн, 25-июнда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарында облустагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жыйын өткөрүп жатып, атайын кызматта ар бир мамлекеттик кызматкер боюнча маалыматтар бар экенин эскертти.
"Шыйрагынан кармап алып барып эле камай бере турган мамлекеттик кызматкерлер бар. Бирок алардын арасынан тандап туруп, "ушул башкаларга акылына келиши үчүн сабак болсун" деп жоопко тартып жатабыз. Ошон үчүн ойлонгула. Бардыгыңар кесипкөй, өз ишиңерди жакшы билгендерсиңер. Ошол эле учурда мыйзамдан чыгып кете бересиңер",- деди Ташиев.
Камчыбек Ташиев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.