super.kg logo

Италияда дүйнөдөгү эң ичке автоунаа жасалды (видео)

 

Италиялык жаран дүйнөдөгү эң ичке автоунааны жасады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, унаа Fiat Panda үлгүсүнүн негизинде жасалган.

"Бул унаа жөн гана концепт эмес, толук иштеген прототип. Ал бензин менен иштейт, болгону бир фарасы, бир отургучу бар, керектүү бөлүктөрү минималдуу. Терезелери жабылбайт, анткени колдорду коюуга орун жок. Эгер айдоочу толук болсо, салонго батпайт. Анткени унаанын туурасы болгону 80 сантиметрди түзөт",- деп айтылат маалыматта.

Бул өзгөчө унаанын видеолору социалдык тармактарда тез эле тараган. Видеодон эң ичке унаа Италия көчөлөрүндө эркин жүргөнүн, тургундардын ар кандай реакцияларын көрүүгө болот.






Италияда дүйнөдөгү эң ичке автоунааны жасашты (видео)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: