super.kg logo

52 жыл туруп калган. Кытайда дарыгерлер адамдын ичинен тиш щётка алып чыгышты

 

Кытайда дарыгерлер жарандын ичегисинен 52 жыл бою ичинде жүргөн тиш щёткасын алып чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү South China Morning Post басылмасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Аньхой провинциясынын 64 жаштагы Ян аттуу тургуну дарыгерлерге кайрылган. Текшерүүдөн кийин дарыгерлер анын ичегисинде тыгылып калган тиш щёткасын табышкан. Ян бул тиш щёткасын 12 жашында жутуп алганы белгилүү болгон. Ошол кезде ал ата-энесине айткандан коркуп, эч кимге билдирген эмес.

Бир нече жылдар бою бул щётка ага эч кандай ыңгайсыздык жараткан эмес, бирок акыркы учурда гана көйгөй жарала баштаган. Дарыгерлердин айтымында, тиш щётка анын ичке ичегисинде туруп калгандыктан, бейтапта жагымсыз сезимдерди жараткан. Дарыгерлер бейтапка эндоскопиялык операция жасашкан.

Тиш щётка ийгиликтүү алынган, анын узундугу 17 сантиметр болгон. Басылманын маалыматына ылайык, дарыгерлер бул щетканы оорукана тарыхында бейтаптын ичинен алынган эң узун буюм катары баалашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: