Өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырган. Караколдо алдамчылыкка шектүү адам кармалды
Караколдо өзүн милиция жана УКМКнын кызматкери катары тааныштырган алдамчылыкка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, 16-май күнү Каракол ШИИБге арыз менен Каракол шаарынын 1999-жылы туулган Б. А. аттуу тургуну кайрылган. Ал арызында 2025-жылдын май айында Байчик аттуу бала ишеничине кирип, Айфон 13 Про Макс үлгүсүндөгү уюлдук телефонун алдап алып, ордуна Айфон 16 Про Макс үлгүсүндөгү телефон алып берем деп убада берип, андан сырткары 195 000 сом акча алып, изин жашырып кеткенин билдирген.
Факт Каракол ШИИБдин КБРине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Натыйжада өзүн Байчик же Санжар деп тааныштырып жүргөн шектүүнүн өздүгү аныкталган. Ал Түп районунун 2004-жылы туулган Б. Ү. аттуу тургуну экени белгилүү болуп, Бишкек шаарында жашырынып жүргөн жеринен колго түшүрүлүп, Каракол ШИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Жогорудагы кылмыш ишинин жүрүшүндө Каракол шаарынын аймагында шектүү Б.Ү.гө карата Каракол шаарынын тургундары тарабынан дагы 9 алдамчылык фактысы боюнча арыздар түшүп, Каракол ШИИБдин КБРне катталып, кошумча кылмыш иштери козголгон.
Ошондой эле шектүү өзүн ИИМ жана УКМК кызматкери катары тааныштырып, ИИМдин кызматтык формасын кийип алып алдап жүргөн фактылар дагы аныкталган. Каракол шаардык соту тарабынан шектүүгө карата 1 айга камакка алуу бөгөт чарасы кабыл алынган.
Тергөө амалдары уланууда.

