super.kg logo

Көлбаев менен бирге түшкөн сүрөт... Бишкекте курал-жарак сакталган жашыруун жай табылды (видео)

 

Бишкекте курал-жарак жана ок-дарылар катылган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, курал-жарак шаар аймагындагы курулуп бүтө элек үйлөрдүн биринен табылган. Жашыруун жайды "ИГИЛ" террористтик уюмунун жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон маркум 44 жаштагы киши уюштурган. Ал кылмыш чөйрөсүндө Тоха каймана аты менен белгилүү.

Табылган курал-жарактар:

  • 3 даана тротил шашкасы;
  • Сериалык номери жок, октолбогон 9 миллиметр калибрдеги Макаров тапанчасы (ПМ);
  • 5 даана кол граната;
  • Ар түрдүү калибрдеги 500дөн ашуун ок-дарылар;
  • Р.А. аттуу жаранга таандык күбөлүк;
  • Маркум Камчы Көлбаев, анын жансакчысы жана маркум Тоха бирге түшкөн сүрөт;

Эске салсак, Тоха 2015-жылы Панфилов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги атайын операция маалында "ИГИЛ" террористтик-экстремисттик тобунун мүчөлөрүнүн курамында жок кылынган.






26.06.25.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: