Чолпон-Атанын борбордук көчөсү толук оңдолуп бүттү






Балыкчы - Чолпон-Ата - Корумду унаа жолунун 3,9 чакырымы толук реконструкцияланып, жумуштар жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда Транспорт министрлиги билдирди.
Долбоорго ылайык, 4 тилкеден турган жолдун ар бир тилкеси 3,5 метр болуп, жалпы унаа жүрүүчү бөлүктүн туурасы 14 метрди түздү. Эл аралык макамга ээ болгон бул жолдун интенсивдүүлүгүн эске алып, жүк көтөрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында алгач 9 сантиметр калыңдыктагы асфальттын жогорку катмары төшөлдү.
"100дөн ашык суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу, жол четинде лотокторду жана бордюр таштарды коюу, аялдамаларды жана жолдун эки тарабына унаа токтотуучу жайлар менен тротуар куруу, 2 көпүрөнү оңдоо иштери толук жыйынтыкталды. Ошондой эле Чолпон-Атанын борбордук көчөсүн жарыктандыруу жумуштары аткарылды", деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.