Трамп Израил менен Иран жакын арада кайра согушушу мүмкүн экенин айтты
АКШнын президенти Дональд Трамп Израил менен Иран жакын арада жаңжалды кайра башташы мүмкүн экенин, бирок азыр эки өлкө тең уруштан чарчап, аскердик аракеттерди улантууну каалабай турушканын айтты.
Бул тууралуу ал НАТОнун саммитинин жыйынтыгы боюнча Гаагадагы пресс-конференцияда билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
"Экөө тең чарчады. Алар абдан катуу, абдан ырайымсыз салгылашып, экөө тең үйлөрүнө кеткенине ыраазы болушту. Кайра башталышы мүмкүнбү? Менимче, бул качандыр бир убакта башталышы мүмкүн. Балким жакында башталышы ыктымал",- деди ал.
Эске салсак, Израил 13-июнга караган түнү Тегеран жашыруун аскердик өзөктүк программасын ишке ашырып жатат деп айыптап, Иранга каршы операция баштаган. Иранда жооп иретинде Израилге бир катар ракеталык соккуларды урду.
Эки өлкө 24-июнда ок атышпоо келишимине келишкени маалым болду.


