Орусияда батирде газ баллон жарылып эки адам каза болду

25-июнда Орусиянын Свердлов районунун Ивдел шаарындагы 5 кабаттуу үйдө газ баллон жарылып эки адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмлар жазып чыгышты.
Кырсык болгон батирде жашаган эки адамдын сөөгү урандылардын алдынан чыгарылды. Мындан тышкары, дагы жети адам жарадар болгон. Орусиянын Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, окуянын алдын ала себеби катары газ баллондун жарылуусу каралууда.
"Учурда батирдин эки тургунунун жансыз денеси табылды. Урандыларды тазалоо иштери жүрүп жатат",- деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.