"Ал абдан татаал адам". Трамп Путиндин аймактык амбициялары тууралуу айтты
АКШ президенти Дональд Трамп Орусия президенти Владимир Путиндин аймактык амбициялары Украинадан тышкары да жайылышы мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу Ак үйдүн башчысы НАТОнун Гаагадагы саммитинен кийин билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
"Президенттикке кайтып келгенден беш ай өткөндөн кийин эмне үчүн Украинадагы согушту токтотуу боюнча шайлоо алдындагы убадасын аткара алган жок" деген суроого Трамп "Путин абдан татаал адам" деп жооп берип, ал эми Украинанын президенти Владимир Зеленский менен көйгөйлөр болгонун билдирди. Ал бул багытта Путинге кайра чалууну пландап жатканын айтып, бирок качан экенин тактаган жок.
Ошондой эле Иранга жардам берүүнү Путин телефон аркылуу байланышып Трампка сунуштаганын айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.