super.kg logo

MBANK жалган маалымат тууралуу эскертет

 

Мессенжерлерде "MBANK" жөнүндө жалган ушактар пайда болду. Бул – чындыкка дал келбейт! "MBANK" туруктуу иштеп, бардык милдеттенмелерин аткарууда. Банк аброюн коргоо үчүн укук коргоо органдарына арыз берди.

Акыркы убакта мессенжерлерде MBANKтын ишмердүүлүгү жөнүндө жалган маалыматтар кеңири таралууда. Бул маалыматтар таптакыр чындыкка дал келбейт. MBANK туруктуу, кадимки тартипте иштеп, кардарлар алдында алган бардык милдеттенмелерин аткарууда.

Жалган маалыматты атайылап таратуу фактысы боюнча MBANK тиешелүү укук коргоо органдарына расмий арыз тапшырды. Банк өз аброюн жана кардарларынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүүдө.
Мындай билдирүүлөр тынчсызданууга себеп болушу мүмкүн, ошондуктан MBANK расмий булактарга гана ишеним артууну сунуштайт. Банктын расмий сайты — www.mbank.kg — актуалдуу жана ишенимдүү маалыматтын негизги булагы болуп саналат.

MBANK кардарлардын бардык суроолоруна жооп берүүгө жана күмөн ойлорду жоюуга ар дайым даяр. 3333 номериндеги колдоо-борборго же жакынкы MBANK бөлүмүнө кайрылыңыз.

Банк ар бир кардарынын ишенимин баалап, кызматтарынын ишенимдүүлүгүнө толук кепилдик берет.
MBANK — Биринчи санарип! КРУБ №014 лицензиясы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: