Ош облусунун жетекчиси Ноокат - Кызыл-Кыя жолун оңдоо иштеринен кабар алды





Бүгүн, 26-июнда Ош облусунун жетекчиси Элчибек Жантаев Ош - Баткен - Раззаков багытындагы Ноокат - Кызыл-Кыя жолунун калган бөлүгүнө асфальт төшөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.
Облус жетекчиси иштин ыргагын көрүп, сапаттуу курулуштун маанилүүлүгүн белгилеп өттү. Ал асфальт төшөө жана жол инфраструктурасын жакшыртуу иштерин өз убагында, 31-августка чейин бүтүрүүнү тапшырды. Жол курулушунда жаралган маселелерди угуп, жетекчи тиешелүү мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө көйгөйлөрдү өз убагында чечүүгө көмөктөшүү тапшырмасын берди.
Учурда жолдун 47-75-чакырым аралыгы жаңыртылып, туурасы 9 метр болуп, 15 сантиметр калыңдыкта асфальт төшөлөт. Азыр биринчи катмарында 9 сантиметр басылып жатат. Ошондой эле эки четине лоток, тротуар жана жарыктандыруу тутумун орнотуу каралган.
2025-жылы Ош облусундагы жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында өлкөнүн турукташтыруу фондунан кошумча 4 миллиард сом бөлүнгөн. Бул каражаттын негизинде стратегиялык мааниге ээ болгон Өзгөн - Мырза-Аке - Кара-Кулжа жана Ош - Баткен - Раззаков багытындагы Ноокат - Кызыл-Кыя жолунун калган бөлүгүн оңдоо иштери улантылып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.