Бокс боюнча улуттук курама Астанада өтө турган Дүйнө кубогуна катышат
Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казакстандын Астана шаарында өтө турган Дүйнө кубогуна катышат. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Курама команданын тизмеси:
- 60 килограмм, Мирозахид Имамназаров;
- 65 килограмм, Омар Ливаза;
- 70 килограмм, Алмаз Орозбеков;
- 75 килорамм, Нурадин Рустамбек уулу;
- 80 килограмм, Өмүрбек Бекжигит уулу.
Курама команда башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулунун жана улук машыктыруучу Акыйкат Абаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.