Франциядагы бороон: Эки адам каза болуп, 100 миңден ашуун имарат жарыксыз калды (видео)
Францияда бороондон эки адам каза болуп, ондон ашык адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Шаршемби күнү кечинде Парижди жана өлкөнүн көпчүлүк аймактарын каптаган бороондон транспорттун иши үзгүлтүккө учурап, электр энергиясы өчүрүлдү.
Өлкөнүн бийлиги мындай аба ырайын сейрек кездешүүчү жана узак убакытка созулган күчтүү бороон катары мүнөздөдү. Бул бороон 700 чакырымга чейин жайылган.
Le Parisien басылмасынын маалыматына караганда, жаан-чачын катуу болгондуктан, көчөлөр сууга толуп, көптөгөн бак-дарактар кулап түшкөн. Meteo France билдиргендей, Парижде 40 миңге жакын чагылган болуп, көлөмү чоң мөндүр жааган.
Париждин Орли аэропортунда аба ырайынын катаалдыгынан бир нече каттам кечигип, Шарль-де-Голль аэропортунда шамалдын ылдамдыгы саатына 100 чакырымга жеткен. Метронун бир нече станциясы суу каптагандыктан убактылуу жабылды.
BFMTV телеканалынын маалыматына караганда, жалпы өлкө боюнча 17 адам жаракат алып, алардын бири оор абалда. 110 миңден ашуун турак жай жарыксыз калганы айтылды.
Франциядагы бороон

