super.kg logo
  Саясат  

Мамлекеттик катчы БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлү менен жолугушту

 

Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар узак мөөнөттүү кызматташтыкты чыңдоого умтуларын ырасташты. Александра Соловьева БУУӨПтүн ишмердүүлүгү "Кыргызстан – 2040" узак мөөнөттүү өнүгүү стратегиясынын, 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасынын, ошондой эле башка негизги стратегиялык документтердин артыкчылыктарына толугу менен шайкеш келерин баса белгиледи.

Социалдык биримдик, коопсуздук, маданий жана руханий өнүгүү жана элдин ынтымагын чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушууда эки тарап тең ишенимге жана натыйжалуу өнөктөштүккө негизделген ийгиликтүү кызматташтыкты, ошондой эле тынчтыкты орнотуу, жаштар демилгелери жана жергиликтүү жана улуттук деңгээлдеги тынчтык инфраструктурасын өнүктүрүү маселелеринде кызматташуу мүмкүнчүлүгүн белгилешти.

БУУӨП Кыргызстан менен жогоруда көрсөтүлгөн багыттар боюнча да, туруктуу өнүгүүнүн кеңири күн тартибинин алкагында да, анын ичинде натыйжалуу мамлекеттик башкаруу, климаттык туруктуулук, социалдык интеграция жана инклюзивдүү экономикалык өсүш боюнча өз ара аракеттенүүнү улантууга жана кеңейтүүгө даярдыгын ырастады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: