super.kg logo
  Спорт  

Дүйнөнүн символикалык курама командасына “Барселонадан” 4 оюнчу кирди

 

Кечээ, 13-январда өткөн ФИФАнын сыйлык тапшыруу аземинин алкагында 2013-жылдын символикалык курамы аныкталды. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, символикалык курамга кирген 11 футболчунун 4ү “Барселонанын”, үчөө “Бавариянын” оюнчулары. Андан тышкары мадриддик “Реал” менен франциялык ПСЖнын экиден оюнчулары  буз тизмеге кошулушту.

Курам төмөнкүчө:

Дарбазачы: Мануэль Нойер (Германия курама командасынын жана мюнхендик “Бавариянын” дарбазачысы).

Коргоочулар: Филипп Лам (Германия, “Бавария”), Дани Алвес (Бразилия, “Барселона”), Серхио Рамос (Испания, “Реал”), Тиаго Силва (Бразилия, ПСЖ).

Жарым коргоочулар: Андрес Иньеста, Хави (Испания, “Барселона”), Франк Рибери (Франция, “Бавария”).

Чабуулчулар: Лионель Месси (Аргентина, “Барселона”), Криштиану Роналду (Португалия, “Реал”), Златан Ибрагимович (Швеция, ПСЖ). 






ФИФАнын версиясы боюнча 2013-жылдын символикалык курамы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: