super.kg logo

Эл аралык космостук станцияга биринчи жолу Индия, Венгрия жана Польшанын астронавттары барышты

 

Бүгүн, 26-июнда Ax-4 космостук миссиясынын алкагында Индия, Венгрия жана Польшанын астронавттары алгачкы ирет Эл аралык космоктук станцияга конушту.

24-июнда, шейшемби күнү АКШнын Флорида штатындагы Канаверал космодромунан SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракетасы менен Crew Dragon капсуласы космоско учурулган. Анын ичинде төрт адам бар:

  • Индиялык аскер учкучу Шубханшу Шукла,

  • Венгриялык инженер Тибор Капу,

  • Польша өкүлү Славош Узнаньский-Вишневский,

  • NASA'нын мурдагы астронавты, АКШлык Пегги Уитсон.

Бул учур Индия, Венгрия жана Польша үчүн Эл аралык космостук станцияга алгачкы расмий катышуу болуп саналат.

Астронавттар отурган Crew Dragon капсуласы бүгүн аталган станцияга туташат. Аx-4 миссиясы болжол менен эки жумага созулат, бул аралыкта космонавттар бир нече илимий эксперименттерди өткөрүшөт. Маалым болгондой, бир каттамдын баасы болжол менен 70 миллион еврого бааланат.

Эл аралык космостук станцияда буга чейин жалпы 300гө жакын адам иштеп кеткен. Индия, Венгрия жана Польша расмий түрдө биринчи астронавттарын жөнөтүп жатышат.

Белгилей кетсек, Пегги Уитсон — аталган станцияга учкан алгачкы аял-командир жана космосто эң көп убакыт өткөргөн аял катары тарыхка кирген. Ал азыр 65 жашта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: