super.kg logo
  Саясат  

“Ыкчам-иликтөө ишмердиги жөнүндө”  мыйзамга кол коюлду

 

Президент Садыр Жапаров “Ыкчам-иликтөө ишмердиги жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Мыйзам 2025-жылдын 21-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты Кыргызстандын укук коргоо органдарынын кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча ишин өркүндөтүү, ошондой эле ыкчам-иликтөө ишмердигин жүргүзүүдө адам укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоонун кепилдиктерин жогорулатуу болуп саналат.

Мыйзамга ылайык ыкчам-иликтөө иш-чаралары жарандардын конституциялык укуктарын чектебөөчү жана атайын тергөө аракеттери боюнча жүргүзүлүүчү болуп бөлүнөт (7-берене).

"Мыйзамдын 14, 15, 16 жана 17-беренелеринде ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдар, алардын укуктары, милдеттери, жүзөгө ашыруучу органдардын кызмат адамдарын социалдык жана укуктук коргоо аныкталган. Ошондой эле 18 жана 19-беренелерде ыкчам-иликтөө иш-чараларын даярдоого же жүргүзүүгө жарандарды тартуунун тартиби жана шарттары, ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдарга көмөк көрсөтүүчү адамдарды коргоонун кепилдиктери каралган",- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле мыйзамдын 22 жана 23-беренелеринде ыкчам-иликтөө ишмердигинин прокурордук көзөмөлдү жана ведомстволук контролду жүргүзүүнүн тартиби каралып, ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашырууну уюштуруу, анын тактикасы, усулдары жана каражаттары жөнүндө маалыматтар прокурордук көзөмөлгө алынбайт экендиги белгиленет.

Мыйзам менен 1998-жылдын 16-октябрындагы (2001-жылдан тартып 2023-жылга чейин кабыл алынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бирге) колдонуудагы “Изин суутпай издөө иши жөнүндө” мыйзамы күчүн жоготту деп табылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: