Доллар, рубль, теңге, сом... Токмок шаарында үйдү карактоого шектелип 3 өспүрүм кармалды (видео)
Токмок шаарындагы үйдө каракчылык кылды деп шектелип үч өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-июнда милицияга 56 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Ал 2-июнга караган түнү болжол менен саат 01:30дан 02:30га чейин белгисиз адамдар үйүнө кирип, ири өлчөмдөгү акча каражаттарын уурдап кетишкенин билдирген.
Тагыраагы, шектүүлөр үйдөн 70 миң рубль, 2 миң доллар, 100 миң теңге жана 400 миң сомду алып кетишкен. Окуя болгон учурда үйдүн ээсинин уулу кылмышка шектүүлөрдүн бирин кармап калган. Бирок шектүүнүн шериктери үй ээсинин уулун коркутуп, шеригин бошотууга жетишкен. Андан соң үчөө тең окуя болгон жерден качып кетишкен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада шектүү делгендер 18, 17 жана 16 жаштагы балдар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен.
Кийинчерээк соттун чечими менен экөөсү бир айлык камакка алынса, дагы бири эки айлык камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.
27.06.25.
