Цыгандардын үй-бүлөсү Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылоого шектелип кармалды (видео)





















Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети маркум Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого тиешеси бар адамдар кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, цыгандардын үй-бүлө башчысы "Барон" каймана аты менен белгилүү болгон Д.Л. жана анын Д. Р, К.Я, жана Д.К аттуу жакындары кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.
Аталган жаран ошондой эле өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизатын Чүй облусунан Казакстанга жана Орусиянын аймагына ташуу менен алектенген деп айтылат. Түшкөн пайданы аталган үй-бүлө мүчөлөрү мех буюмдарын сатуу, Германиядан жана АКШдан унааларды алып келүү менен жаап турган.
Атайын кызмат Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланып жатканын кошумчалады.
УКМК
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.