super.kg logo

Клубдар арасындагы чемпиондук: Плей-оффко чыккандар аныкталды

 

Клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалына чыккан командалар толугу менен аныкталды. Бул тууралуу ФИФА билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-июнда клубдук Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычы жыйынтыкталып, 1/8 финалга чыккан 16 команда белгилүү болду. Акыркы болуп плей-оффко чыккан клубдар - Испаниянын "Реалы" жана Сауд Арабиянын "Аль-Хилялы" болду.

1/8 финалга чыккан командалар:

  • "Палмейрас" (Бразилия)
  • "Интер Майами" (АКШ)
  • ПСЖ (Франция)
  • "Ботафого" (Бразилия)
  • "Бенфика" (Португалия)
  • "Бавария" (Германия)
  • "Фламенго" (Бразилия)
  • "Челси" (Англия)
  • "Боруссия" (Германия)
  • "Флуминенсе" (Бразилия)
  • "Ювентус" (Италия)
  • "Манчестер Сити" (Англия)
  • "Интер" (Италия)
  • "Монтеррей" (Мексика)
  • "Реал" (Испания)
  • "Аль-Хиляль" (Сауд Арабиясы)

1/8 финалдын оюн жуптары жана убакыттары:

  • 28-июнь, 21:00 – "Палмейрас", "Ботафого"
  • 29-июнь, 01:00 – "Бенфика", "Челси"
  • 29-июнь, 21:00 – ПСЖ, "Интер Майами"
  • 30-июнь, 01:00 – "Фламенго", "Бавария"
  • 1-июль, 00:00 – "Интер", "Флуминенсе"
  • 1-июль, 06:00 – "Манчестер Сити", "Аль-Хиляль"
  • 2-июль, 00:00 – "Реал", "Ювентус"
  • 2-июль, 06:00 – "Боруссия", "Монтеррей"

Маалымат үчүн: Клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугу - бул ФИФА уюштурган жыл сайын өтүүчү турнир. Анда ар бир континенттин мыкты клубдары жана турнирди өткөрүп жаткан өлкөнүн өкүлү катышат. Бул турнирде дүйнөнүн мыкты клубу аныкталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: