"Ит адатыңарды карматып..." Садыр Жапаров мамлекеттик кызматкерлерге катуу эскертүү берди

Жапаров эл мамлекеттин казынасына кол тийгизбе деп шайлаганын айтып, айрым жетекчилердин бул сөздүн өтөсүнө чыкпаганына нааразы болду.
"Мен силерге кайрылууну туура көрүп турам. Мени эл "мамлекеттик казына ыйык, андан уурдаба жана башкаларга да уурдатпа" деп шайлаган. Силерге ушул эле талап менен мамлекеттик кызматка койгом. Бирок, тилекке каршы, айрым жетекчилер казынадан социалдык жана башка курулуш иштерге деп бөлүнгөн акчаларга илгеркилердей ит адатыңарды карматып кол салып жатасыңар. Башка жактарды айтпай эле коеюн, кечээки Токмоктогу эле көрүнүштү алалы.Эмне деген акмакчылык? Токмок менен Кара-Балта шаарларына быйыл бир миллиард сомдон акча каражатын бөлүп бергенбиз. Эки миллиард акча менен Токмок жана Кара-Балта шаарларын гүлдөтүп салсаңар болот эле. Эмдиги жылы дагы бир миллиарддан бөлүп берип эки шаарды гүлдөтөлү деген аруу тилегибиз бар эле. Тилекке каршы жергиликтүү жетекчилер «подрядчылар» менен биргеликте коррупцияга барганыңар көрүнүп турат", - деп билдирди Жапаров.
Мамлекет башчысы сентябрдан тарта мамлекеттик казынадан бөлүнүп, аткарылып жаткан иштер текшериле тургандыгын эскертти.
"Сентябрь айынан баштап бүткүл өлкө боюнча казынадан акча бөлүнүп берилип жасалып жаткан иштер, курулуп жаткан курулуштар, асфальтталып жаткан жолдор боюнча адистерден топтолгон комиссия түзүлүп, канча акча колуңарга тийди, кандай жумуштар аткарылды, канчага аткарылды, канчасы уурдалды жалпы өлкө боюнча текшерүү жүргүзөбүз. Муну мен жеке өзүм колго алам. Кимде ким уурдаган болсо, он эселеп кайтарасыңар жана камаласыңар. Ошону унутпагыла. Миллион сом уурдап, аны кайра он эселеп кайтарып, андан сырткары түрмөгө түшүү кимиңерге керек? Менимче эч кимиңерге керек эмес болсо керек? Мейли ким болбогула эч кимиңерди аябайбыз. Мурдакы заманыңарды унуткула. Эгер мамлекет төлөп берип жаткан эмгек акыга алымсынбай жатсаңар бизнеске кеткиле. Ошол жактан табасыңар миллиондорду.
Мамлекеттик бардык кызматкерлерге тиешелүү: Биз азыр пайдасын көрүп жаткан кен-байлыктарыбыз чексиз эмес, убактылуу. Баары түгөнөт. Биздин түбөлүктүү келечегибиз туризм жана өндүрүш менен. Ошондуктан кыска убакыттын ичинде өлкөбүздүн бардык тармактарын оңдоп, түбөлүктүү келечегибизди түзүп алалы.
Ушуга жан үрөгүлө", - деп жыйынтыктады билдирүүсүн өлкө башчысы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

