super.kg logo

Сергей Лавров расмий сапары менен Кыргызстанга келет

 

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 29-июнда Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу Орусия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.

Маалыматка ылайык, иш сапары Кыргызстандын тышкы иштер министринин чакыруусу менен Чолпон-Ата шаарында өтөт. Сапардын алкагында Лавров өлкө башчысы Садыр Жапаров менен да жолугушат.

Бул сапар Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди тереңдетүүгө багытталган. Сүйлөшүүлөрдө саясий, соода-экономикалык, аскердик-техникалык, маданий-гуманитардык кызматташтык жана башка тармактар боюнча кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланат.

Мындан тышкары, тараптар регионалдык жана глобалдык маселелер боюнча пикир алмашып, Евразиялык интеграциянын өнүгүү жолдорун, Кыргызстан учурда төрагалык кылып жаткан ЖККУ жана 2025-жылдын сентябрынан баштап башчылык кыла турган ШКУ алкагындагы аракеттерди да сүйлөшүшөт.

Захарованын айтымында, Борбордук Азиядагы коопсуздук маселелери өзгөчө көңүл борборунда болот. Эл аралык экстремисттик жана террордук коркунучтарга, ошондой эле тышкы күчтөр тарабынан туруктуулукту бузууга каршы кошумча аракеттерди күчөтүү маселелери да талкууланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: