super.kg logo

Түркиянын 5 облусунда токойдон өрт чыкты

 

Түркиянын Текирдаг, Сакарья, Измир, Анталья жана Кахраманмараш облустарындагы токойлуу аймактарда чыккан өрттөргө асмандан жана жерден өрт өчүрүү иштерин жүргүзүү улантылууда. Бул туууралуу түрк басылмалары жазышты.

Маалыматтарга караганда, Текирдаг облусунун Шаркөй районундагы Кызылачерзи айылында белгисиз себептен өрт чыкты. Өрттү өчүрүүгө Токой чарба башкармалыгы жана өрт өчүрүү кызматтары тартылды.

Сакарьянын Тараклы районундагы токойдон өрт чыккан, себеби белгисиз. Учурда вертолёт менен жана жерден өрт өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Измирдеги Алиага районунун Чалтылыдере айылындагы токойдон өрт чыкты. Окуя болгон жерге 6 учак, 5 вертолёт, 13 өрт өчүрүүчү унаа, 6 суу ташуучу автоунаа, 3 бульдозер жөнөтүлдү. Өрттү көзөмөлгө алуу аракеттери уланууда.

Анталья облусунун Аксуда жана Кумлажа райондорунда өрт чыкты. Аксудагы өрткө 1 вертолёт, 6 өрт өчүргүч унаа, 1 суу ташуучу унаа тартылды. Кумлажадагы өрттү биринчи болуп студенттик жатакананын кызматкерлери байкап, өчүрүүгө аракет кылышкан.

Кахраманмараштын Түркоглу районунун Ымалы айылында токой өртү чыкты. Өрттү өчүрүү үчүн 6 өрт өчүрүүчү унаа, 4 суу ташуучу унаа, 2 вертолёт, 2 атайын техника тартылды. Өрт көзөмөлгө алынууга аракет көрүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: