Тарыхый жетишкендик. Окуучулар киберкоопсуздук боюнча олимпиададан байгелүү кайтышты
Кыргызстандык окуучулар Сингапурда өткөн киберкоопсуздук боюнча эл аралык олимпиададан байгелүү кайтышты. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чарага 27 өлкөдөн 135 окуучу катышты. Кыргызстан бул олимпиадага биринчи жолу катышууда.
Олимпиадага катышкан 5 окуучунун экөөсү коло медаль жеңип алды. Алар:
Айпери Акжолтоева – Ысык-Көл облусундагы Бектенов атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу.
Исхак Тажибаев – Бишкектеги "Кут Билим" билим берүү комплексинин 11-классынын окуучусу.
Андан тышкары, үч окуучу сертификатка ээ болду. Алар:
Али Имран Кубанов – Бишкек шаарындагы №6 мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу.
Алинур Кадыров – "Акылман" президенттик лицейинин 9-классынын окуучусу.
Тенгиз Жамалов – Ысык-Көл облусундагы Карасаев атындагы лицейдин 11-классынын окуучусу.
Команданы эл аралык олимпиадага Кылычбек Урайымов менен Эрбол Жусупбеков даярдашкан.
