super.kg logo

Баткендеги чек араны тосуу иштери, аскерлерге болгон камкордук (видео)

 

Социалдык тармактын колдонуучусу Азамат Абсаттаров Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында аскерлердин абалы жана аларга болгон камкордук жөнүндө видео менен бөлүштү.

Анын айтымында, аскерлер чарчоо эмне экендигин билбей иштеп жатышат.

"Зым тартуу иштерин көрөлү деп, жөнөкөй эле жерге келсек колдонулган октор жайнап жатат. Ачык айтканда, бул жерлерде бир эмес, бир нече ирет согуш эле болду. Эми көрүп ыйлагың келет. Себеби учурда Кыргызстан тынчтык жолу менен чек арасын тосуп жатат. Тосууга кетип жаткан зымдардын сапаты жогору.

Бул жерде иш жүргүзүп жаткан күч түзүмдөрүнүн аскерлери жети дубандын жарандары экен, алар биримдикте иш алып барууда. Эс алып алайын деген сөзү эмес, көздөрүндө чачоонун өзү жок. Себеби булар өлкөбүз үчүн тарыхыбыздагы эң маанилүү иштерди жасап жатышат", - деп белгиледи Абсаттаров.

Ошондой эле кыргыздар жакшылык кылганга шашыла тургандыгын айтып, чек арага зым тартып жаткан аскерлеге түшкү тамагын уюштурууну каалаган жарандардын агымы көп экенин белгиледи.






27.06.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: