super.kg logo

Ысык-Атада Такыр-Төр көлү ташып, 180 адам эвакуацияланды

 

Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр көлү ташып, 180дей адам эвакуацияланды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, учурда Алмалуу, Горная Серафимовка жана Нижняя Серафимовка айылдарында жарандарды эвакуациялоо иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Куткаруучулар коркунуч туудурган аймактан жалпы 180дей адамды жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үйүнүн тургундарын толугу менен коопсуз жайга алып чыгышты.

Белгилей кетсек, министрдин буйругу менен ӨКМдин алдындагы ӨКга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинен адистер тартылып, дрон менен Такыр-Төр көлүнүн абалын тактоо жана көлдөн келип жаткан суунун агымын көрүү боюнча иштер үзгүлтүксүз уланып келген. Ошондой эле жеринде көзөмөл пункту уюштурулуп, жумушту топ күчөтүлгөн режимде күнү-түнү көзөмөлдөп турушкан. Мындан тышкары атайын техникалар тартылып, даярдыкта уюштурулган.

Кошумча маалымат бериле турганы айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: