ЕАЭБ аймагынан кайра иштетилүүчү кагаз жана картонду алып чыгууга убактылуу тыюу салынды
Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары кайра иштетилүүчү кагаз жана картонду (макулатура жана калдыктар) алып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда Министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кийин киргизилет.
"Токтомдун максаты жана милдети ички рынокто чийки зат ресурстарынын кескин жетишсиздигине жол бербөө жана даяр продукцияны өндүрүүнү жана экспортун стимулдаштыруу жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары кайра иштетилүүчү кагаз жана картонду (макулатура жана калдыктар) алып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу болуп саналат",- деп айтылат маалыматта.

