super.kg logo

Мамлекетке мыйзамсыз менчиктештирилген Гидрометеорология кызматынын имараты кайтарылды (видео)

 
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматынын мыйзамсыз менчиктештирилген имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, мыйзамсыз менчиктештирилген кыймылсыз мүлк объекттерин аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын аймагында аянты 800 чарчы метр жер тилкеси менен ӨКМге караштуу гидрометеорология кызматынын мыйзамсыз менчиктештирилген имараты мамлекеттин балансына кайтарылды.
УКМКнын маалыматы боюнча, гидрометеорология кызматынын имараты "Б" категориясындагы стратегиялык объект болуп саналат.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча участоктун ээси кыймылсыз мүлккө ээлик кылуу укугун мыйзамсыздыгын моюнга алуу менен объектти мамлекеттин балансына кайтарымсыз негизде өткөрүп берген.





Гидрометеорология кызматынын мыйзамсыз менчиктештирилген имараты мамлекетке кайтарылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: