super.kg logo

Иранда куралдуу жаңжалда каза болгондордун тажиясы башталды

 

Бүгүн, 28-июнда Иранда Израил жана АКШ менен болгон куралдуу жаңжалда каза тапкан аскер башчылардын, өзөктүк илимпоздор менен жай тургундардын тажиясы башталды.

Тажия аземи Тегерандын Революция аянтында башталып, ага Ирандын жаңы шайланган президенти Масуд Пезешкиан катышууда.

Tasnim агенттигинин маалыматына ылайык, Израилдин аскерлери Иран куралдуу күчтөрүнүн Генштабынын жетекчиси Мохаммад Багерини жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башчысы Хосейн Саламини, ошондой эле 20дан ашык өзөктүк физикти жана жогорку аскер жетекчилерин жок кылган.

Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Хосейн Керманпурдун билдиришинче, Израил жана АКШ менен болгон 12 күндүк куралдуу кагылышууда жалпы 627 адам каза болуп, 4870 адам жаракат алган.

Эске салсак, 13-июнда Израил Ирандын өзөктүк жана аскердик объекттерине сокку урган. Иран буга жооп кылып Израилге абадан сокку жасаган.

22-июнга караган түнү АКШ президенти Дональд Трамп Ирандагы үч өзөктүк объектке америкалык аба күчтөрү сокку урганын билдирип, уран байытуучу негизги объекттер "толугу менен жок кылынганын" айткан.

24-июнда Трамп Иран менен Израил ок атышууну токтотуу режимине макулдашканын жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: