Пакистанда теракт уюштурулуп, 16 адам каза тапты
Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясында теракт болуп, 16 адам каза тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Түндүк Вазиристан аймагында, Афганстан менен чек арада жайгашкан Пакистандын түндүк-батыш бөлүгүндө аскердик колоннага жанкечтинин кол салуусунан 16 аскер кызматкери каза болуп, 10 аскер жана 19 жергиликтүү турган жаракат алды.
Пакистандын расмий өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, жанкечти аскер колоннасын унаасы менен сүзүп, андан соң жардыруу уюштурган. Жардыруунун кесепетинен эки үйдүн чатыры урап түшүп, алты өспүрүм жабыркаган.
Полиция жана тиешелүү органдар аймакты курчоого алып, тергөө иштерин башташты. Жабыркагандар ооруканага жеткирилген. Өлкө бийлиги коопсуздук чараларын күчөтүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.