Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанга келди
Кечээ, 28-июнда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди.
Иш сапардын алкагында Лавров президент Садыр Жапаров жана тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушуусу пландалууда.
Буга чейин Тышкы иштер министрлиги иш-сапардын алкагында эки өлкөнүн тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын сүйлөшүүлөрү пландалып, анда кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын актуалдуу маселелери, ошондой эле эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн жана эл аралык күн тартибинин негизги аспектилери талкуулана турганын билдирген.
Аэропорттон Лавровду Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев жана Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакулов тосуп алышты.

