super.kg logo
  Саясат  

Чаткал райондук бөлүмүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди (фото)

 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Чаткал райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын пайдаланууга тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Ачылыш аземи 28-июнда өтүп, ага атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыгынын өздүк курамы, УКМК ардагерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Камчыбек Ташиев сөзүндө, мыйзамдуулукту бекем саткоону жана мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан камкордукка татыктуу болууну эскертти. Буга чейин Уюшкан кылмыштуулук кандай чечекиндүлүк менен жок кылынган болсо, эми өлкөдө коррупция дагы түп тамырынан эжок кылыныш зарыл экенин белгиледи.

Ошондой эле УКМКнын Чаткал райондук бөлүмүнүн кызматкерлери үчүн курулган кызматтык үйдүн дагы ачкычтары тапшырылды. Эми кызматкерлер башка жерлерде эмес, райондук бөлүмгө жанаша жайгашкан жаңы кызматтык үйдө өз үй бүлөлөрү менен жашап, кызматын аткарышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: