super.kg logo

Белградда миңдеген адам митингге чыгып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда (видео)

 

Белградда он миңдеген адам митингге чыгып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү талап кылышты. Президент Вучич ультиматумга баш ийбей турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Сербиянын борбору Белградда он миңдеген адам борбордук көчөлөргө чыгып, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылган митинг өткөрүштү.

Бул митинг — өткөн ноябрда башталган коррупцияга каршы нааразылык акцияларынын уландысы. Анда Нови-Сад шаарындагы темир жол бекетинде бетон кулап түшүп, 16 адам каза болгон окуя коомчулукта катуу талкууланган.

Көп узабай Белградда нааразычылык акциялары башталып, бара-бара Сербиянын башка шаарларына да жайылган. Митингге чыккандар Нови-Сад шаарынын мэринин жана өлкөнүн премьер-министри Милош Вучевичтин отставкасын талап кылышкан.

28-январда Вучевич өз ыйгарым укуктарын тапшырарын жарыялап, ал мындай чечимди Нови-Саддагы трагедия жана нааразылык маалында бир студент кыздын жаракат алышы менен түшүндүргөн. Ошол эле күнү шаардын мэри да кызматтан кеткен.

Ал эми президент Александр Вучич нааразычылыктарга кайдыгер экенин билдирип, «митингчилер мени ойлондурбайт» деген пикирин айткан. Учурдагы парламентте президент Александр Вучичтин партиясы көпчүлүктү түзөт. Вучич буга чейин шайлоолор өз убагында, тагыраагы 2026-жылдын аягында өтөрүн билдирген.

Митингчилер Вучичти жергиликтүү убакыт боюнча саат 21:00гө чейин мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду кабыл алууга чакырышкан. Бирок президент бул талапка алдын ала жооп берип: «Ультиматум кабыл алынбайт, эртеңки саат 9га чейин күтүүнүн кереги жок» ,— деп айткан.

Көп өтпөй митингге чыккандар менен полиция кызматкерлери кагылышып, бир нече адамдын кармалганы белгилүү болду. Учурда Белграддагы кырдаалды эл аралык коомчулук жакындан көзөмөлдөп жатат.






Белградда миңдеген адам митингге чыгып, президенттин отставкасын талап кылышууда

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: