Орусияда Кыргызстандын 44 миң жараны «Яндексте» эмгектенет

Маалым болгондой, кечээ, 28-июнда тышкы иштер министрдин орун басары Алмаз Имангазиев Москва шаарында "Яндекс" жана "ВиЭф сервис" компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту.
"Яндекс" компаниясы менен жолугушууда Имангазиев жүргүнчүлөрдү жеңил такси менен ташуу боюнча кызмат көрсөткөн кыргызстандыктардын укуктук абалын, алардын көйгөйлүү маселелерин, ошондой эле аталган компания менен мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулады.
Ошондой эле министрдин орун басары "«ВиЭф сервис" өкүлдөрү менен жолугушууда Москва, Самара, Краснодар жана Калининград шаарларында жайгашкан компаниянын сервистик борборлору аркылуу Кыргызстандын жарандарына консулдук кызматтарды көрсөтүү боюнча учурда биргелешип иштеп жаткан пилоттук долбоордун жүрүшүн талкуулады.
Тараптар Кыргызстандын элчилик/консулдуктарына барбай туруп, консулдук кызмат алуунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кыргызстандыктар арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү макулдашышты.
Министрлик тейлөө борборлоруна төмөндөгү телефондор аркылуу жазылуу жолу менен документтерди тапшыруу мүмкүнчүлүгү тууралуу эскертет: +7 (921) 329 00 68 (иш күндөрү Москва убактысы боюнча саат 09:00дөн 17:00гө чейин), +7 (499) 648 91 53 (чалуу борбору), ошондой эле алдын ала жазылбастан тапшыруу мүмкүнчүлүгү да каралгандыгын белгилейт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.