Иранда Израил менен согушта каза болгон аскер жетекчилери жана ядролук илимпоздор массалык түрдө жерге берилди
Иранда Израил менен согушта каза болгон аскер жетекчилери жана ядролук илимпоздор массалык түрдө жерге берилип, коштошуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Хоссейн Салами, Амир Али Хаджизаде жана башка аскерлердин сөөгү Тегеран шаарындагы Азади көчөсү аркылуу чыгарылды. Алардын сөөктөрү өлкө желектери менен жабылып, каза болгондордун чоң сүрөттөрү илинди.
Ирандын мамлекеттик медиасынын билдиришинче, коштошуу иш-чарасына бир миллиондон ашык адам катышты.
Эскерте кетсек кетсек, эки өлкө ортосундагы жаңжал 13-июнда Израилдин Иранга жасаган кол салуусунан кийин башталган. 12 күндөн кийин АКШнын ортомчулугу менен ок атышууну токтотуу жарыяланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.