Садыр Жапаров ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлерин кабыл алды



Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда Чолпон-Ата шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлерин кабыл алды.
Президенттин администрациясынан билдиргендей, жолугушууга Кыргыз, Беларусь, Казакстан, Орусия, Тажикстандын тышкы иштер министрлери жана ЖККУнун башкы катчысы катышты.
Анда уюмдун ичиндеги кызматташтыкты кеңейтүү, эл аралык чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу маселелеринде эл аралык түзүмдөр менен өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү маселелери боюнча пикир алмашылды.
Мамлекет башчысы эл аралык терроризм, трансулуттук кылмыштуулук, экстремисттик идеологиянын жайылышы, кибер коркунучтар жана эгемен мамлекеттердин ички иштерине тышкы кийлигишүү маселелери барган сайын актуалдуу болуп бара жатканын белгиледи. Буга байланыштуу ал мындай абал баарына олуттуу коркунуч туудурарын жана бирдиктүү жана координацияланган мамилени талап кыларын ырастады.
"Виртуалдык мейкиндик жаңы чыр-чатактардын жана коркунучтардын аренасына айланууда, ошондуктан критикалык инфраструктураны коргоо жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча биргелешкен чараларды иштеп чыгуу зарыл",- деди мамлекет башчысы.
ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы саясат мекемелеринин башчылары өз ара ишенимди бекемдөө, туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу жана аймактык жана эл аралык форматтардын алкагында демилгелерди биргелешип илгерилетүү зарылдыгына көңүл бурушту.



