super.kg logo
  Саясат  

Ташиев экс-депутат Канатбек Исаев баласынын келечегине балта чапкандыгын билдирди. Себеби

 

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Чаткал районунда ишке берилген атайын кызматтын имаратынын ачылышында коррупциялык элементтер менен алектенүү келечекте балдардын жашоосуна залакасын тийгизип коё тургандыгын айтты.

Ал өз сөзүндө эки учурду атап өттү.

"Москвадагы ФСБнын академиясына окуганы таластык бир жигитибиз барган. Таластан өзү аз чыгат эле. Окуп келсин деп атайын жибергем. Жөнөкөй үй-бүлөнүн баласы, 3-курста окуп жаткан. Атасы баңгизат сатам деп колго түшүп, 13 жылга камалды. Баласын академиядан окуудан айдады. Көрдүңөрбү? Кандай чоң зыян алып келди. Жакшы окуган бала болчу, айла жок, мыйзамды сакташ керек.

Экинчи учур мурдагы депутат Канатбек Исаев менен байланыштуу. Ал кылмышты кылып, сотко келбей качып жүрөт. Ага карата издөө жарыяланды. Анын негизинде быйыл ФСБны бүтүп жаткан баласын окуудан бошоттук. 4-июлда дипломун колго алмак. Баласынын келечегине балта чапты",- деди Ташиев.

Атайын кызматтын жетекчиси күч түзүмдөрүнө кайрылып, адилеттүү жана ак кызмат кылууга чакырды.






30.06.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: