Кыргызстандык окуучу эл аралык олимпиадада алтын медаль алды

Агартуу министрлиги билдиргендей, олимпиада 24-29-июнда болуп, ага 24 өлкөдөн 135 мектеп окуучусу катышты.
Олимпиадада Ариет Акимов (7-класс, “Газпром Кыргызстан” мектеби, Бишкек шаары) алтын медаль утса, Бектен Абдувалиев (7-класс, ISK эл аралык мектеби, Ош шаары) жана Адилет Шакиралиев (9-класс, Купуев академиясы, Ош шаары) коло медалга ээ болду.
Белгилей кетчү жагдай, Кыргызстан Балкандык жаштар математика олимпиадасында алгачкы жолу алтын медаль утту.
Балкандык математика олимпиадасы 1997-жылдан бери жыл сайын жаштар арасында өткөрүлүп келет. Кыргызстан ага 2015-жылдан бери катышып келүүдө. Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн куржунунда жалпы 6 медаль: 1 алтын, 1 күмүш, 4 коло бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.