Адылбек Касымалиев медицина кызматкеринин күнүнө карата иш-чарага катышты








Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын медицина кызматкеринин күнүнө арналган иш-чарага катышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, өлкө башчы Садыр Жапаровдун жана министрлер кабинетинин атынан төрага медициналык коомчулукту кесиптик майрамы менен куттуктап, жан аябас эмгеги үчүн терең ыраазычылык билдирди. Ал COVID-19 пандемиясы учурунда өлкөнүн саламаттыкты сактоо системи гуманизмдин жана профессионализмдин чыныгы жүзүн көрсөткөнүн өзгөчө белгиледи.
"Дарыгер кесиби - бул терең урматтоого татыктуу өзгөчө миссия, жана бул бийик макам түбөлүккө өзгөрүүсүз калат. Сиздерге гана адам эң баалуу нерсесин - өз өмүрүн ишенип тапшырат. Канчалаган бейтапты айыктырганыңарды жана канчалаган өмүрдү сактап калганыңарды бир дагы статистика чагылдыра албайт. Медицина илиминин жана саламаттыкты сактоо практикасынын маанисин эч кандай технологиялык прогресс өзгөртө албайт, анткени оорулууну айыктырган дарыгердин алтын колдору адамдын жүрөгүндө түбөлүккө сакталып калат. Дени сак улут - өнүгүүнүн негизи. Жүрөгү таза дарыгерди эч кандай жасалма интеллект алмаштыра албайт",- деди ал.
Касымалиев өз сөзүндө саламаттыкты сактоо системиндеги акыркы өзгөрүүлөргө токтолду. 2023-жылы өлкөдө 2 мекеме курулган, 2024-2025-жылдары 10 жаңы медициналык мекеме курулду. 2025-жылы дагы 32 мекеменин курулушу жүрүп жатат, бул иштерге 8,3 миллиард сом каралган.
"



